Сүйүү саптары. Поэзия.

Сүйүү саптары. Поэзия.

@suiuusaptary

💌 Сүйүү, сагыныч, сезим саптары👥 8000+ актив аудитория👁 Орточо охват: 3000–6000📈 Жандуу, лояль аудитория📩 Реклама: @erkinbek_kyzy_meerim @Dal_oshol_bakaj жазыңыз

7 437подписчиков
Несколько раз в неделю🇷🇺

Похожие каналы

Все →

Последние посты

КЕЧИР МЕНИ ЖҮРӨГҮМАрманымды камтыган,Айыкпаган дартынан.Жан дүйнөмдө жашаган,Жүрөгүмдөн тартынам.Үзбөй такыр үмүтүн,Мен- деп, соксо күнү-түн.Уят эмес,не анан?Менин мына жүрүшүм.Ыйласаң да аябай,Сыздасаң да карабай.Кайдыгер бир сулууну,Сүйө бердим тажабай. Акылга да сыйбаган.Жалаң арман жыйнаган,Жан экенмин боору таш,Жүрөгүмдү кыйнаган.Кунун кечип күнөөмдүн,Кечир мени жүрөгүм.Кадырыңа мен эми,Жеткен жанды сүйөмүн.Мээрим күтпөй өзгөдөн,Өзүң үчүн өзгөрөм.Сүйбөгөнгө сүйкөнбөйм,Сөз беремин, сөз берем. Өтсөм да так дүйнөдөн,Жашабаймын ый менен.Өзүмдү-өзүм сүйгөндү,Эми чындап үйрөнөм.Автор: Дамир Кадыр уулу.04.05.2026-ж.

4 мая 2026 г.2 840В Telegram

МАХАБАТМамилеси жылуу, сылыгым,Арбап алды таттуу кылыгың.Жан дүйнөмдү гүлгө ороп ал,Бүтөп алды көңүл сыныгын.Мен эңсеген жамгыр тамчысы,Махабаттын жалгыз жарчысы.Сүйүүнү ким "жалган"- деп, айтса,Ошол адам өзү калпычы.Сүйүү жашайт ар бир жүрөктө,Кыялдарда, түштө, сүрөттө.Уйгу-туйгу кылып сезимди,Унутулбайт секунд, мүнөткө.Дүркүрөтүп тамыр, каныңды,Алып учат көккө, жаныңды,Табылбаган такыр дабасы,Азабы да анын жагымдуу.Ырахаты укмуш, билемин,Токтоп кала жаздайт жүрөгүм.Бүт барымды арнап мен дагы,Бир сулууну каттуу сүйөмүн.Айга, күнгө аны теңебейм,Ак сүйүүмдүн күчүн ченебейм.Ал жанымда болсо жетиштүү,Асман жерге түшсүн, кенебейм.Автор: Дамир Кадыр уулу01.05.2026-ж.

3 мая 2026 г.2 860В Telegram

* * *Тып-тып тамат кирпигимден жаш дагы,Тагдыр бизди сыноолорго таштады.Жүрсөм сени унутту деп санааркап,Башкалар да мени унута баштады.Жылуу көктөм... эсте мени ар таңда,Жүрөк жарган бул махабат аз жанга.Сапарымда жалгыз калгам, чамам жок,Сага арнап жакшы ырлар жазганга.Өткөрдүң да жан дүйнөмдүн көктөмүн,Өмүрүмдүн күлгүн чагын өрттөдүң.Кубандырат сага жетпей калганым,Кубандырат мендик болбой өткөнүң.Өткөн өттү, кеткен кетти, башкабыз...Өмүрүмдү байлап алаар башка кыз.Кебелбейт деп ойлойт элек, а бирок,Кулап түштү сүйүү деген аскабыз.Арген Болушов

3 мая 2026 г.2 900В Telegram

СҮЙӨМ ДЕЧИСүйөм дечи, тик карап көздөрүмө,Бир балкысын жан дүйнөм сөздөрүңө.Эки бөлөк жүргөнүбүз болду, жетээр,Уч кыйырсыз сүйүүнүн чөлкөмүндө.Сүйөм дечи, тик карап көздөрүмө,Кубанычты толтуруп көөдөнүмө.Бир болуучу убакыт келген чыгар,Ак сүйүүнүн жүрү кеттик көктөмүнө.Сүйөм дечи, жай гана кулагыма,Калып кетпей мендей жигит убалына.Сүйөм десең, ашып өтөм керек болсо,Көк тиреген улуу Кытай дубалында.Сүйөм дечи, басайын кучагыма,Баталы бир сүйүүнүн кумарына.Формуласын кемитпей кошолучу,Химиядай күчтүү сезим курамына.✍️ Максат Дүйшөн уулу

27 апр. 2026 г.4 070В Telegram

АКБАР РЫСКУЛОВ. КЕЛ, КЕЧИГЕЛИ!"Сен” дебей мени "Сиз” дедиң неге?"Сиз дечү болсоң издедиң неге?Секелек кезден "сен” дешип өскөнСезимден күдөр үзгөнүң беле?Калаанын чети, Жөө-жай барабыз.Бурулсак мындай буудай бар аңыз.Бурасың мойнуң кылаңгыр карап,буулуга түшүп, суубай барабыз."Сен” дебей мени "Сиз” дедиң неге?"Сиз” дечү болсоң издедиң неге?..Кынала баспай, кылаңгыр карап,кылыктуу мынча кыз-келин неге?Калаанын чети. Буудай бар аңыз.Капырай, мынча коомайланабыз.– Кечиктик,– дейсиң.– Кел, кечигели!.."Сен!” дечи мени?!..

23 апр. 2026 г.4 480В Telegram

Күнүмдүн күлкүсү жок. Руслан Бактыбаев. Жаз келди, бирок мага дале кыштай,Күнүм жок жарык чачкан турам муздай.Мелтирейт булуттарга жашынгансып,Телмирет көрүнбөй да сынын бузбай. Күн жылуу, бирок мага нуру жетпей,Күнүмдүн күлмүң жүзү эстен кетпей.Келемин мен күнүмдү сагынууда,Күн санап, күндү күтүп, жашап эптей. А күнүм, күлкүсү жок мурдагыдай,Чачмам жок же күнүмдү уурдагыдай.Кусалык курчап барат жүрөгүмдү,Көрүшүү качан болот олда кудай

16 апр. 2026 г.4 990В Telegram

Ырларымда жылмайып түшкөн көркүң,Ырас эле бакыттын витамини.Сен тууралуу жазган ыр эс алдырат...Чарчатканда жашоонун митаам үнү!"Сүйүү ырлар ырахат" дебес белем?Өзүңдү эңсөө оюмда болбогондо...Махабаттын баянын төгөм, угам...Эргүү келет- сени эле ойлогондо...Сен жашаган ыр дүйнө тартат мени...Менден кеттиң... Ырымдан кутулбадың!Поэзияны эң артык көрчү элем...Сулуум, жеңдиң - бул туңгуч утулганым!Автор: Ысаков Шергазы03.01.2025.12:00

16 апр. 2026 г.4 070В Telegram

https://panel.pikir.kg/?ref=0ca4kb277z5ht1y2m8cddutq6sЭч кандай ашыкча убакытсыз, чыгымсыз жана коркунучсуз, суроо-жооп аркылуу акча каражатына ээ болгуңуз келсе, жогорудагы ссылкага кирип, тиркелиңиз.Ишенимдүү жана сыналган

9 апр. 2026 г.4 840В Telegram

КЕЛЕСИҢБИ?Арман толгон сезимдерди жеңесиңби?Айлуу түндө мени эстей бересиңби? Алыс жактан куштай учуп мен тарапка,Айтчы жаным, бир күнү сен келесиңби?Келесиңби, таңкы нурдай эртелеп сен?Көңүлүмдүн суз жерлерин жетелеп сен.Аалам мага жаңы жүзүн көргөзгөнбү?Баратамын бакыт гүлүн себелеп мен.Келсең эгер, үмүт отун жандырасың, Суусап турган жүрөгүмдү кандырасың.Кайгы каптап турган менин дүнүйөмдү, Кубанычка, бакытка сен малдырасың.Аль-Мадина.

9 апр. 2026 г.4 410В Telegram

ТҮШКӨ КИРДИҢ...Түшкө кирдиң кусалыкты таратып,Кетпесинчи эми ылдам таң атып.Ичим жалын — көркөмүңө көз тойбой,Ийиниңе гүлдүү көйнөк жарашып.Ушул түнү ойгонбостой эле мен...Уйкум таттуу. Себепкери — сен элең.Түштөрүмө буйруптурсуң, өмүргө,Түштүң экен кимге буйруп энеден..?Ай суктанат сага төгүп шооласын,Ак жүзүңдөн татам качан о, бачым?Жыпар жыты аңкып турган гүл болсоң,Жыттасам дейм ушу сени "жоогазын"Күтүү күчөп, башым туман, кеңгиреп,Күндө сурайм түн уйкумду бөлчү деп.Белги бардай түштөрүмдө жүрөсүң,Берген окшойт Кудай сени энчилеп...Арген Болушов

9 апр. 2026 г.4 340В Telegram